​Пакистан: Кулаган аскер учагынан каза тапкандардын саны 19 га жетти

  • 5 лет мурун

Пакистандын түндүк-чыгышында кулаган аскер учагынын кырсыгында каза болгондордун саны 19 га жетти, 16 киши жабыркады.

Бул тууралуу жергиликтүү Dunya News телеканалына шилтеме берип, РИА новости агенттиги кабарлады.

Мурдагы маалыматтарда 12 киши каза болгондугу айтылган, анын ичинде эки учкуч жана экипаждын үч мүчөсү.

Каза болгондордун арасында жергиликтүү тургундар да бар экени айтылды.

Учак Пакистан аскер авиациясына таандык болгон.

Ал Равалпинди шаарында дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү кулаган. Учак машыгуу маалында болчу.

Жерге кулагандан кийин учак күйүп, өрт тегеректеги үйлөргө да өткөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты