Япония: Ысык күндөрү 11 киши каза тапты
- 4 years мурун
Японияда 22-28-июлдагы аптаптуу күндөрү 11 киши каза тапты, ооруканага 5 664 киши кайрылды.
Япониянын башкы өрт башкармалыгы бүгүн, 30-июлда, ушундай маалымат таратты.
Ооруканага жаткандардын саны мурдагы жумага салыштырмалуу үч эсеге өстү.
Мунун себеби июнь айында салыштырмалуу салкын болуп, июль айынын биринчи жарымы ысык болгону айтылууда.
Июнда айыркы 30 жылда болбогондой салкын күн өкүм сүрүп, ал эми июлда абанын температурасы 32-35 градус ысып кеткен.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү