Финполиция коррупцияга каршы эсепке 7,5 млн сом которду
- 5 лет мурун
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 7 миллион 572миң 41 сом которду.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын пресс-кызматы билдирди.
Финполиция тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 763 миллион 324 миң 948 сомду түзгөнүн маалымдашты.
Муну бөлүшүү