​Каримованын резиденциясын Мирзиёевдин күйөө баласынын федерациясы алат

  • 5 лет мурун

Өзбекстанда «Сижжак» эс алуу жайындагы Гүлнара Каримованын резиденциясы Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров жетектеген Триатлон федерациясына бекер пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Өзбекстан Триатлон федерациясын Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров жетектейт.

Ал мындан тышкары президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болуп иштейт. Умаров бул кызматка быйыл март айында дайындалган.

«Сижжак» лагеринде триатлон федерациясынын машыгуу базасын түзүү пландалууда, ага 15 миллиард сум бөлүндү. Лагерде мейманканалар, үч бассейн, амфитеатр, коттеждер жана башка курулуштар бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты