CPJ Казакстанды журналисттерге кол салууну иликтөөгө чакырды

  • 5 лет мурун

25-июлда “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) казак бийлигин Алматыдагы маалымат жыйынында журналисттерге болгон кол салууну токтоосуз иликтөөгө, ага катышы барларды жоопко тартууга чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун программалык директору Карлос Мартинез де ла Сернанын айтымында, журналисттер көңүл бурууга татый турган окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк алыш керек.

Бийлик алардын коопсуздугун сактоого милдетүү.

22-июлда журналисттер Казакстандын адам укуктары бюросуна «Мамлекет энелер жана балдар менен күрөшүп жатат» деген темадагы маалымат жыйынды чагылдыруу үчүн барган.

Бирок 20 чакты аял кирип келип, ызы-чуу салып, “Азаттык”, “Алматы» телеканалы жана КазТаг агенттигинин журналисттерине кол көтөрүшкөн, техникаларын сындырышкан. Жыйын үзгүлтүккө учураган.

Кийинки күнү алардын айрымдары кечирим сурашкан.

Коомчулук арасында чабуул атайлап уюштурулганы тууралуу пикирлер айтылууда. Казакстан ички иштер министри Ерлан Тургумбаев окуяны “эки тараптын урушу” деп атады.

Журналисттерге болгон кол салуунун ЕККУ дагы сынга алды. Уюмдун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир казак бийлигин чабуулу иликтөөгө үндөдү.

Казакстанда журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу кылмыш болуп эсептелет жана бул үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты