Поезддин алдына боюн таштап, каза тапты
- 5 лет мурун
Бүгүн, 19-июлда, саат 12 ге жакын «Кара-Балта» станциясында поезддин алдына бир киши боюн таштагандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Балта – Кайыңды жолунун 3718-чакырымында 40-45 жаштагы европа түспөлүндөгү киши ( А. Д.) бүгүн саат 11:50 лөр чамасында поездин алдына боюн таштаган. Ал ошол жерден жан берген.
Бул кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
Муну бөлүшүү