​Дене тарбия жана спорт мекеме кызматкерлеринин айлыгы жогорулады

  • 5 лет мурун

Өкмөт машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү.

Мындвй чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

1500 дөн ашуун машыктыруучунун жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйөт.

Ошондой эле 2018-жылдын 23-ноябрындагы алдыңкы спортчуларга берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өкмөттүн токтому кабыл алынды.

Бул токтом спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.

Алдыңкы спортчуларга берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобого ылайык стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн натыйжаларга жараша, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт.

Стипендиялар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдо олимпиадалык түрлөрү боюнча – 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча – 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча – 4 категорияга бөлүнөт:

1) спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдо олимпиадалык түрлөрү:

— I категория – 75,0 (жетимиш беш) миң сом;

— II категория – 60,0 (алтымыш) миң сом;

— III категория – 50,0 (элүү) миң сом;

— IV категория – 40,0 (кырк) миң сом;

— V категория – 30,0 (отуз) миң сом;

— VI категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— VII категория – 10,0 (он) миң сом;

2) спорттун улуттук түрлөрү:

— I категория – 25,0 (жыйырма беш) миң сом;

— II категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— III категория – 15,0 (он беш) миң сом;

3) спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

— I категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— II категория – 15,0 (он беш) миң сом;

— III категория – 10,0 (он) миң сом;

— IV категория – 8,0 (сегиз) миң сом.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты