Соң-Көлдө эл аралык «Ак-Мөөр» фестивалы өтөт
- 5 лет мурун
Ак-Талаа райондук акимчилиги, Кыргызстан аялдар конгресси Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында 19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда «Ак -Мөөр» аталышындагы фестиваль өткөрөт.
Фестиваль учурунда «Улуу кыргыз көчүнүн» көргөзмөсү, «Ак-Мөөр- Соң-Көл» сулуулук конкурсу, «Кыз- жигит сармерден» оюну, «Этно мода» көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, этно базар жана улуттук спорт оюндары болот.
Фестиваль гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Муну бөлүшүү