Владимир Зеленскийдин кортежи катышкан жол кырсыгы (Видео)

Интернетте Украинанын Президенти Владимир Зеленскийдин кортежи катышкан жол кырсыгынын видео тасмасы пайда болду.

Тасмада Volkswagen Transporter унаасы менен эки жеңил машина кагылышканы көрүнөт. Автобус кюветке чыгып кеткен.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, Зеленскийдин кортежи эс алуүдан келе жаткан балдар отурган автобус менен сүзүшкөн. Кортеж ичинде Украина президенти болгон эмес, ал самолет менен учуп кеткен.

Болжолдуу маалымат боюнча машиналар автобустардан ашып айдап өтүүгө аракет кылган.

Жол кырсыгы Запорож облусунда 14-июлда болгон.

Кырсыкта эч ким жабыркаган эместиги айтылууда.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты