​Маркум Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июлда, саат 11:20 да Жумгал районунун аймагынан, Көкөмерен суусунан эркек баланын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал маркум Молдакун Абдылдаевдин уулу, Илим Абдылдаевдин сөөгү болуп чыккан.

30-июнь күнү эртең мененки саат 10 чамасында унаа менен бараткандар Көкөмерен дайрасына түшүп кеткен.

Анын ичинде Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон.

Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочу Бакыт Абдылдаевдин (фамилиясы уйкаш) сөөгү 2-июлда, 8 жашар небереси Сафиянанын сөөгү 4-июлда табылган.

Арал айылы тараптан Көкөмерен дарыясынан Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү 10-июлда табылган.

Тинатин Шадыканова менен уулу Илим Абдылдаевдин сөөгү эртең, 15-июлда жер берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты