​Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет.

1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду.

Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар — 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты