​Жээнбеков Казак премьери Аскар Мамин менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстан премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Мамлекет башчы Аскар Маминдин Казакстандын премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити экенин белгиледи.

Аскар Мамин бүгүнкү Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганын белгиледи.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүү 15 пайызга өстү. Бул жылы биз соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 $ млрд чейин жеткирүү максатын койдук», — деп баса белгиледи Аскар Мамин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты