​Рыскулбек Осмоналиев «Инфоком» ишканасынын директору болду

  • 5 лет мурун

Рыскулбек Осмоналиев «Инфоком» ишканасынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу Каттоо кызматынан кабарлады.

Рыскулбек Осмоналиев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин жана Башкаруу академиясын аяктаган.

2015-жылдан бери «Инфоком» ишканасынын сатып алуу бөлүмүндө иштеп келген.

Буга чейин «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаев кызматынан кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) паспорт даярдоодогу тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон деп айыптаган.

Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган.

Каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган

Паспорт чыры маселесине байланыштуу УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты