Ысык-Көлдө “Хан Теңири” лагеринде эки кишини өлтүрүүгө шектүү изделүүдө
- 5 лет мурун
Ысык-Көлдө “Хан Теңири” лагеринде эки кишини өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылып, аялды барымтага алып качууга шектүү Сергей Смирнов изделип жатат. Ага расмий издөө жарыяланды.
Анын сүрөт роботу менен кыргыз-казак чек арачыларына берилди.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.
4-июлда Сырт жакта жайгашкан “Хан Теңири” лагеринде Сергей Смирнов эки кишини атып өлтүрүп, бир кишини жарадар кылып, бир аялды барымтага алып качып кеткен. Кийин аялды кое берген.
Муну бөлүшүү