«Коопсуз шаар» айып пулун “Тез жардам” менен бөлүшөт
- 5 лет мурун
Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузуудан өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгүн медициналык “Тез жардам” кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшайт.
Бул тууралуу Өкмөттүн чечими чыккандыгын маалыматтык кызматы билдирди.
Аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% ы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат.
Ал каражат медициналык тез жардам машинасын алууга, жаңы станция ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.
Муну бөлүшүү