ИИМ экс-министри Молдомуса Конгантиев акталды

  • 5 лет мурун

Ички иштер экс-министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдын 7-апрель окуясында Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери, «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» жана 2005-жылдын март окуясында «Шалаакылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 5-июлда айыптоо далилденбегенине байланыштуу экс-министр Молдомуса Конгантиев акталып чыкты. Анын мүлкүнө салынган камак алынды.

2018-жылы июнь айында Улуттук коопсуздук комитети 2010-жылы апрель окуяларына күнөөлүү эмес деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

Өткөн жылдын декабрь айында Баш прокуратура мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомун четке каккан.

2018-жылы июнь айында Улуттук коопсуздук комитети 2010-жылы апрель окуяларына күнөөлүү эмес деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда 80 ден ашык киши каза болгон. Молдомуса Конгантиевдин 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта сүйлөгөн сөзү курал колдонууга алып келген деп айыпталган. 6-апрелде Конгантиев таластыктар тарабынан катуу токмок жеген.

Бийлик алмашкандан кийин экс-министр Кыргызстандан кетип калган, бирок артка кайтарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты