Экс-баш прокурор Салянованын жактоочулары митингге чыгышты

  • 5 лет мурун

Экс-баш прокурор Аида Салянованын жактоочулары шаардык соттун чечимине нааразы болуп, бүгүн, 5-июлда, Ак үйдун алдына митингге чыгышты.

Алар Салянованын бөгөт чарасын караган шаардык сот акыйкат чечим чыгарбаганына нааразы экендигин билдиришти.

Митингчилер «Текебаевге — боштондук!», «Чотоновго — боштондук», «Саляновага-боштондук!», «Атамбаев-камалсын!» деп кыйкырып турушту.

Бүгүн шаардык сот мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты