​Кыргызстан АКШны эгемендик күнү менен куттуктады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Джон Трампты 4-июль, Америка Кошмо Штаттарынын эгемендик күнү менен куттуктады.

«Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан сизди Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан да тыгыз өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп саналат деп ишенем.

Өз тарабымдан Кыргызстан АКШ менен болгон кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирип кетким келет” деп айтылат телеграммада.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты