Аламүдүн суусуна түшүп кетип каза тапты
- 5 лет мурун
Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна 29-июнда 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаран түшүп кетип каза тапты.
1-июлда сууга түшүп кеткен жеринен эки чакырым аралыкта куткаруучулар анын сөөгүн таап чыгышкандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
23-июнда да Аламүдүн суусуна окуучу кыз түшүп кетип каза тапкан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү