​584 айылда таза суу тартыштыгы бар

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда 584 айылда таза суу тартыштыгы бар. Мындай көйгөйдү чечүү максатында быйыл бюджеттен 200 млн сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 млн сом бөлүнөт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште Өкмөттүк саатта калкты ичүүчү суу менен камсыздоо тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирген.

Вице-премьер таза суу көйгөйүн чечүүгө бир катар эл аралык уюмдар каржылык көмөк көрсөтүп келатканын айткан.

«Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө.

Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү — гранттык жардамдар. Биздин Өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы карап келет» деди Боронов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты