​Жайыттарда караганды жок кылуу иш- чаралары жүрүүдө

  • 5 лет мурун

Жайыттарда караган (алтыгана) тикенек өсүмдүгүн жок кылуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Эркинбек Чодуев министрликтин адистери менен бирге өткөн жумада Суусамыр өрөөнүндө жайыттарды каптап жаткан караганды жеринен көрүп, алдын- алуу боюнча сыноо иштер менен таанышты.

Жайытты каптап жаткан караганды техниканын жардамы менен жана химиялык заттарды колдонуу жолдору менен арылуу сыноосу жүргөн.

Техниканын жардамы менен тамырын казып алганда, толук алынган эмес. Тамыры терең болгондуктан соко сынып чыгымга алып келген.

Химиялык заттарды колдонуу жакшы натыйжа берген. Бул химиялык дарылоо башка чөп, бадалдарга зыян алып келбейт. Караганды кууратып, өсүп-көбөйүшүнө бөгөт коёт.

Чодуев министрликтин тиешелүү адистерине, караганды алдын- алуунун ыңгайлуу жолун аныктоону жана ыкчам күрөшүүнү тапшырды.

Жергиликтүү малчылар караган тикенек өсүмдүк болгондуктан мал жебегенин айтып, жок кылып берүүнү суранган.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты