1-июлга чейин салык декларациясына өзгөртүү киргизүүгө болот

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мыйзамга ылайык, 1-июлга чейинки мөөнөттө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мурда берилген Бирдиктүү салык декларациясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугунан пайдалана алышат.

Бул тууралуу Салык кызматынын бавсма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы декларациялык кампаниянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрым декларанттар тарабынан салык декларацияны туура эмес толтурулган учурлар кездешүүдө. Киреше салыгы боюнча карыздары пайда болууда.

Ошондой эле декларанттын жана анын жакын туугандарынын активдери (акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү ж.б.) толугу менен чагылдырылбай калган.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды зарыл болгон учурда такталган декларацияны жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин берүүгө чакырат.

2019-жылдын 1-июлунан тартып Салык кызматы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштерди баштайт.

Бул жылы 58 миң 365 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты