​Бурятияда учак кырсыгынан эки киши каза болду (Видео)

  • 5 лет мурун

Нижне-Ангарск шаарында АН-24 учагы коноордо кыймылдаткычы иштебей, эки киши каза болду. 22 киши жабыркады. Каза болгондор экипаж мүчөлөрү экени айтылууда.

Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, ТАСС билдирди.

Учакта 46 киши болгон, анын ичинде 4 экипаж мүчөсү.

Учак Улан-Удэ шаарынан Нижне-Ангарскиге учуп бара жаткан.

Алдын-ала маалыматка ылайык, асманда учактын бир кыймылдаткычы иштебей калган. Натыйжада учак Нижнеангарск аэропортуна конуп жатканда тилкеден чыгып кетип, жакынкы объектилерге урунуп, өрттөнө баштаган.

Курман болгон эки адам учкучтар экени белгилүү болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча «Ангара» компаниясы кырсык боюнча маалымат бере элек. Орус медиасы кабарлагандай, Ан-24 учагы 1977-жылы чыгарылган. 2013-жылдан бери «Ангара» компаниясы иштетип жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты