Экс-президент Атамбаевди колдогон депутаттар Конституциялык палатага кайрылды
- 4 years мурун
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова Жогорку Кеңештин иш-аракеттерине даттанып, Конституциялык палатага кайрылды.
Бул тууралуу ЖМКга КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков билдирди.
25-июнда депутаттардын Конституциялык палатага кайрылгандарынын себеби Жогорку Кеңештин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламенттин атайын комиссиясынын түзүлүшу мыйзамсыз деп эсептешет.
Экс-президентке карата конституциялык ченемдер сакталбай жатат. Себеби экс-президенттин статусу тууралуу мыйзамдын артка кайтуу күчү жок. Ошондой эле Жогорку Кеңештин регламентинде экс-президентти жазага тартуу маселеси каралган эмес.
Бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн полномочиесин ашыра пайдаланган деп эсептейт Конституциялык палатага кайрылгандар.
Сүрөт: Интернет булактарынан.