Электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча долбоор ишке кирет
- 5 лет мурун
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстанда 1-июлдан тартып электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.
Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун катышуучусу катары каттоодон өткөн учурдан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүдө эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин алуу зарылдыгы жоголот.
Буга байланыштуу долбоорго катышуу салык төлөөчүлөргө маалыматтык системанын иши менен алдын — ала таанышып, зарыл болсо аны жакшыртуу жана толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Муну бөлүшүү