​Арыс шаарында жарылуудан каза болгондордун саны 2 кишиге жетти

  • 5 лет мурун

Казакстандын түштүгүндө Арыс шаарында ок-дары сактаган кампадагы жарылуудан каза болгондордун саны 2 кишиге жеткенин өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин билдиргенин ЖМК жазды. Алардын бири-жаран жана аскер кызматкери.

Акыркы маалыматтар боюнча эки киши каза таап, 160 киши жапа тартканы жана 89 киши ооруканага жаткырылганы айтылды.

Жарылуучу заттарды пайдалануудагы коопсуздук сакталбаганы боюнча кылмыш иши козголду.

44,3 мин эл жашаган аймакта өзгөчө абал киргизилип, тургундар сыртка чыгарылып кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты