​Президент өнөр жай тармагындагы саясатты өзгөртүү зарылдыгын белгиледи

Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында Сооронбай Жээнбеков өнөр жай тармагындагы саясатты өзгөртүүгө токтолду.

-Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт.
Демек, өнөр жайдын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдү башка өндүрүш менен ордун толуктоо маселеси турат.
Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн — өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл деп эсептейм.
Бүгүнкү күндө, өнөр жайдын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды.
Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат.
Ошондуктан Өкмөт, өлкөнү алтын казуудан түздөн-түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек,-деди жыйында.

Өлкөнүн өнүгүшүндө зор мааниге ээ болгон тармактарга көңүл буруу керектиги айтылды.

-Өлкөбүздүн өнүгүшүндө салттуу түрдө зор мааниге ээ болгон жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу өнөр жайдын тармактары бар.
Бул багыттар калкты жумушчу орун жана киреше менен камсыз кылган тармактарга кирет.
ЕврАзЭС гана эмес, Кытай, Индия, Пакистан, Ирандын эбегейсиз рыногуна мөмө-жемиштерди, сүттү, балды экспорттоо мүмкүндүгү жаралды.
Тери менен жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлорду приоритет катары карап жатабыз.
Ошондуктан, Өкмөттүн башкы милдети — инвесторго Кыргызстанда пайда табуу мүмкүнчүлүгү жана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү болушу керек.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы деңгээлине өтүү менен бирге, азыркы күндө Статистика комитетинин маалыматы боюнча дээрлик 24 пайызды, ал эми эксперттердин баалоосунда 29 пайызды түзгөн көмүскө экономиканы мыйзам жолуна түшүрө алабыз, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн Бишкекте өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты