Матраимовдун чет өлкөдө мүлкү аныкталбаганын финпол жетекчиси Таиров билдирди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финпол) башчысы Бакир Таиров «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Али Токтакуновго Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөсүнүн негизиндеги текшерүүлөр тууралуу маек берип, ушул жумада тергөөнүн жыйынтыгы чыгарыларын билдирди.

-Февраль айынын башында тапшырма келген. Тергөө тобу ишин жүргүзүп жатат. Тергөөнүн да мөөнөтү бар, бүгүн, 18-июнь, келерки жума ичинде жыйынтыгын чыгарабыз,- деди ал.

Финпол башчысы журналисттик иликтөөдө сөз болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чет өлкөдө мүлкү аныкталбаганын айтты.

Тергөө ишине эч ким аралашууга укугу жок, менин да укугум жок.. Жогору жактан чалып, карап кой» дегендер болгон жок, — деди ал.

Райымбек Матраимовдун иниси Исламбек Матраимов тергөө башталганда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүу кызматындагы ишинен акысыз отпускага кеткенин ал эми тергөө узарып баратканда, жумуштан биротоло бошонгонун финпол жетекчиси билдирди.

Ошондой эле Каржылык чалгын кызматынын башчысы Гүламжан Анарбаев Матраимовдорго куда болуп чыкса, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров иликтөөдөгү Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардын бир бөлүгү которулган «АКА петролеумдун» «Терек-Сай жаштары» компаниясындагы Чолпон Элмуратова Бакир Таировдун келини жана Токтосун Туманбев күйөө баласы экенин мойнуна алды.

Ошол эле кезде Бакир Таиров парламентте Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар «Дордой», Кара-Суу базарларындагы ишкерлердики дегени оперативдүү, өзүнүн жеке болжолдуу гана маалыматы экенин билдирди.

Айта кетсек, «Азаттык» үналгысы 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын айтып чыккан.

Акчаны Айэркин Саймаити аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгон. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган.

Ушул эле Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2 338 700 доллар которулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты