Германияда кармалган баңгизат боюнча текшерүү иштери башталды

  • 5 лет мурун

Германияда Кыргызстандан бараткан автоунаадан жарым тоннадан ашык баңгизат кармалышына байланыштуу «Элит Шоко» кондитердик фирмасынын ээси Аида Жолдошева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди.

19-июнда немис басылмалар герман-поляк чек арасында жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазышкан.

Баңгизаттар Кыргызстанда өндүрүлгөн таттуунун ичине катылып, ташылып баратканы такталган.

Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, анда алынган документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Бельгияга жөнөтүлгөнү кабарланган. Автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты