​Милиция тарабынан кыйноого алынгандар аныкталды

  • 5 лет мурун

Акыйкатчы аппараты прокуратура органы, эксперттер жана медициналык кызматкерлер менен бирге шаардык ички иштер башкармалыгынын абак жайларына мониторинг жасоодо.

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн айда 19 жолу күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн. Анда аныкталган фактылардын айрымдарын келтире кетели.

20-майда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү катары К.С. аттуу жаранды кармаган. Аны милиция бөлүмүнө адып келген тергөөчү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кылмышты мойнуна алдыруу максатында аны сабаган.

Бул факт боюнча травматология бөлүмүнүн жарандын кабыргалары сынганы боюнча корутундусу бар.

25-майда 1994-жылы туулган Г.В. аттуу жаранды Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн тепкилешкен.

Аталган факт боюнча денесинде көгала, тактары тастыкталган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу бар.

31-майда 1996-жылы туулган Х.И. аттуу жаранды Октябрь районунун ИИБ тергөөчүлөрү милиция бөлүмүнө алып келип, кылмышты мойнуна алдыруу максатында тепкилешкен.

Травматология бөлүмүнөн жабыркаганы тастыкталган корутунду чыккан. Акыйкатчы кызматкерлери Х.И. аттуу жарандын денесиндеги көгала тактардын изин сүрөткө тартып алышканын айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты