​«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү

  • 5 лет мурун

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому мыйзамдарда белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыгып, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты