​Өспүрүм кыздар эжесинен качып, түндө Бишкектен Ошко, атасына кетмек болушкан

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 21-июнда, эртең менен балдар акыйкатчысынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева кечээ кечинде эжесинен качып, Бишкектен Ошко, атасына жеткирип коюну өтүнүп айдоочуларга кайрылган өспүрүм кыздарга кайрадан жолугуп келди.

Учурда Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана облусундагы өкүлү Ш. Касымов Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында кыздардын атасын табуу үчүн жолго чыкты.

Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

20-июнда, саат 21:05 де Акыйкатчы аппаратынын “115” шыр байланыш кызматына Батыш автобекетинен Бишкек-Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, аларга 7 жана 11 жаштагы кыздар келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюусун суранып жатышканын айтып, телефон чалышкан.

Акыйкатчынын орун басары, балдар омбудсменинин милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева дароо Батыш автобекетинк барып, айдоочулар жана кыздар менен жолукту.

Кыздар апасы каза болуп калгандыктан, Бишкекте эжеси (атасынын бир тууганы) менен бирге жашаарын, атасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында экенин айткан. 11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербегиле деп суранган.

Айтымында, эжеси аларды колуна эмне тийсе, ошону менен уруп, “балдар үйүнө өткөрөм” деп коркутуп келет.
Айдоочулар “115” шыр байланыш кызматынан тышкары милицияга, өспүрүмдөр инспекциясына да чалышкан. Маалымат Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар жана балдар реабилитациялык борборуна да жеткен.

КР мыйзамдарына ылайык, Акыйкатчынын орун басары акт түзүп, саат 23:30 та кыздарды Жаштар жана балдар реабилитациялык борборунун кызматкери Айганыш Ибрагимовага өткөрүп берген.

Ошол күнү Жамгырчиева кыздардын атасына телефон чалса, атасы жооп берген эмес.

Буга байланыштуу Акыйкатчынын орун басары Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусунун өкүлү Ш. Касымовго атасын издеп таап, кыздары менен байланыштыруу тапшырмасын берди.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты