​Сапар Исаков сотто эки жүздүү тышкы саясат өлкөнүн кулашына алып келээрин айтты

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартууга каршы доо арызы кечээ, 20-июнда, каралды. Соттун жүрүшүндө мурунку премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

«Эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кыйрашына алып келет. Эмне үчүн мен бул чечимге келдим?

Жээнбеков Си Цзиньпин менен жолугушуусунда «Кытайдын гранттык жардамы Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтты.

«Ал абдан жакшы сөздөрдү айтты. Бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча Кытай компаниясынын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдирди. Бул эмне? Бул- эки жүздүүлүк.

Ошондуктан, мен буга көңүл буруп жатам. Өзүңөргө өзүңөр каршы чыкпагыла. Эгерде Кытайдын жардамы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү деп айтсаңыз, анда сотто дагы ошол ойду карманыңыз» деп кайрылды Президент Сооронбай Жээнбековго Сапар Исаков.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Сот 28-февралдан бери болуп жатат.

ЖЭБге байланыштуу кылмыш ишинде экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты