Кыргызстанга июлда Корея премьер-министри Лим Нак Ён келет
- 5 лет мурун
20-июнда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды.
Анда июль айына пландаштырылган Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сапарды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында тараптар тыгыз координациянын, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамилени талкуулады.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү