«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» аттуу иликтөөсүн 5-канал иликтеди

  • 5 лет мурун

«Азаттык» үналгысынын журналисти Али Токтакуновдун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» аттуу иликтөөсүн «5-канал» теле берүүсүнүн журналисти Эльнура Алканова иликтеп чыкты.

Алканова өз иликтөөсүндө «Азаттыктын» ишенимдүу булактары берди деген документтединн жарымы жасалма деп жарыя кылды.

Ощондой эле документке кол койду деген уйгур ишкери Айэркин Саймаитинин колу коюлган дегени туура эмес, ага АКШлык Адам Стенфильд аттуу жаран кол койгон деп билдирди

Али Токтакунов аталган иликтөө уланып жатканын, андагы фактылардын баары туура экендигин билдирди.

«Азаттык» үналгасынын «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» аттуу иликтөсүндө 2011-2017-жылдары Кыргызстандан кеминде 700 млн доллар чыгарылып кеткенин, анын 250 млн долларынын документтери бар экенин билдирген.

Бул акчаны Айэркин Саймаити аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгону тууралуу иликтөөдө айтылган. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган.

Ушул эле Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2 338 700 доллар которулган.

Аталган фондго Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Русланбек Матраимов ээлик кылат. Ал Саимаити жана Бумаилиамуну тааныбай турганын айтып, алардан акча келгени тууралуу маалыматты четке какты.

Исмаил Матраимов атындагы фонд бир нече жылдан бери спорттук иш-чараларды өткөрүп, ага жогорку мамлекеттик кызматкерлер катышып турат. Быйыл 1-майдагы иш-чарага спикер Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламент депутаттары, облус жетекчилери, элчи жана башка саясатчылар катышканы коомдо катуу сынга алынган.

Бир тууган Матраимовдор өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет. 13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, Өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтүп калганын маалымдаган. Бирок ал текшерүу аягына чыгарыла элек.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Матраимов боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине быйыл 1-февралда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыкта» айтылган фактыларды иликтеп чыгууну тапшырган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Азаттыктын иликтөөсүно кошумча кылып, 2017-жылдын ноябры же декабрында Президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү боюнча «АККА» компаниялар тобунун жетекчиси Хабибулла деген адамды кабыл алганын билдирген.

Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновдунаталган иликтөөсүндө Райымбек Матраимов жана “АКА Петролеум” аттуу ишкананын жетекчиси Хабибулла Абдыкадир жөнүндө да сөз кылган.

3-июнда 5-каналдын каналдын “Ойбүгүн” программасы “Миллиондордун изи менен” аттуу түз эфир уюштурган. Анда Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов анын атасынын атындагы фондго акча которгон спонсорлор атын ачыкка чыгарбоону өздөрү суранганын жооп катары айтты. Арабдардан фондго келген акчанын жарымы зекет, кайрымдуулук катары келээрин билдирди.

Акырында, «Азаттыктын» иликтөөсүнүн уландысын, өкмөттүк иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы деп айтмакчыбыз. Кыргызстандан чыгарылып кеткен бир канча жүз миллиондогон сомдор кимдин акчасы. Матраимовдордун фондуна келип түшкөн миллиондогон долларлар кайдан, кандай максатта келип түшкөн, Матраимовдордун тиешеси канчалык экени тууралуу жоопторду коомчулук күтүп жатат.

Ушул иликтөөнүн баш каарманы Райымбек Матраимов «Азаттыкка» да, «5-каналга» да өз версиясын айтып чыга элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты