Ооганстан Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстанга келди
- 5 лет мурун
Ооганстандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин жыйынына, Кыргызстанга келди.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.
«Манас» эл аралык аэропортунан Ооганстандын Президентин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Муну бөлүшүү