​Наристеси бар, кош бойлуу аялды эски телефон уурдаганы үчүн камашкан

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-июнда, Акыйкатчы Токон Мамытов №1 абак жайга барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешти.

Ал буга чейин КР Акыйкатчысына арыз менен кайрылып, Свердлов районунун тергөө кызматынын тергөөчүсү жана райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган.

Арыз ээси эски телефонду уурдаганы үчүн кармалганын, ал телефонду өз ээсине кайтарып бергенин, ал тууралуу тил каты бар экенин маалымдады.

Арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы, ошондой эле ал 3 айлык боюнда бар экенин да айтты.

Судья Б.С. нын кош бойлуулугун, жаш баласы бардыгын жана телефондун баасы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес. Бул кылмыш катары эмес, жорук кодекси боюнча каралышы керек эле.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Б.С. мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалып турганын (31-майдан 8-июнга чейин) аныктаган.

Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппараты Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты