​Ошто казиного уттурган киши муунуп өлдү

  • 5 лет мурун

Мындан бир ай мурун Оштогу «Делюкс» мейманканасында жайгашкан казинонун бетин ачып, канча акча уттурганынан бери айтып берген Темурлан Алиев өз жанын кыйды.

2-июнда аны өз үйүнүн ашканасында асылып турган жеринен тапкан жакындары Ош шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Бирок ал эсине келе албай бир жума жатып, 8-июнь күнү ооруканада көз жумган.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков өз жанына кол салган Алиевдин иши анын казино боюнча жазган арызына тиркеле турганын билдирди.

«2-июнда ашканада асылып турган жеринен табылып, ооруканага жеткирилген. Жети күн бою комада жатып, 8-июнда үзүлүптүр. Бул факт Ош шаардык милициясында өзүн-өзү өлтүрүү катары катталган. Бирок анын өлүмү менен анын мурунку жазган арызы боюнча козголгон кылмыш иши бириктирилип каралышы керек деген ойдомун», — деди басма сөз катчы.

Темурлан Алиевдин артында эки өспүрүм кызы жана аялы калды. Жакындарынын айтымында Темурлан акыркы учурларда көчөгө чыкпай калган.

Темурландын атасы Рахман Алиев учурда уулун жерге узатып, аза күтүп отурат. Ал казинолордун жабылышы үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтууда.

Мындан бир ай мурун маркумдун атасы Рахман Алиев уулу уттурган акчанын жалпы суммасы 6,5 миллион сомго жеткенин, үйдө нанга да акча калбаганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты