ЖК төрагасы Дастан Жумабеков Атамбаев менен мамилеси эмне үчүн бузулганын айтты

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси эмнеден улам үзүлгөнүн айтты. Ал бүгүн жалпы жыйында трибунага чыгып, экс-президенттин 8-июндагы митингде төраганын жана депутаттардын дарегине айткан сөзүнө жооп кайтарды.

Жумабеков мурунку бийликтин тушунда төрага болгонун белгилеп, бирок кийин Атамбаев менен саясий көз караштары дал келбегендиктен мамилеси бузулганын айтты.

«Дастан Жумабеков Атамбаевдин тушунда төрага болгондон кийин сатып кетти» деп айтышыңар мүмкүн. Балким сиздер да ушинтип ойлосоңор керек. Ооба, мен сиздердин колдооңуздар менен келдим. «Мыйзамды сыйлаган, эл үчүн иштеген төрага болом» деп ант бергем. Бул биринчиси.

Эми экинчисине токтолуп кетейин. 2018-жылы март айында саясий оюндар башталганда Алмазбек Шаршеновичке жолуктум. Өз оюмду билдирдим. Ал жерде дагы канча саясатчылар болгонун кийин айтам. Төрагалык кресло мен үчүн маанилүү эмес, мага чындык, эел керек дедим.

Атамбаев ошондо: «Мен кааласам 10 миң кишини чогултуп, баарыңарды Ак үйдөн кууп чыкканга күчүм жетет» деди. Мен жакамды кармадым. Сиздин оюңузга кошула албайм, мамлекетке, элге каршы саясат жүргүзүп жатасыз, сиз менен ушул жерде саясатым токтойт дегем деди төрага.

Жумабеков экс-президент ушунун негизинде «чимкирик депутаттар», «бөжөңдөгөн төрага» деп жатышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Бирок ал бардык депутат элдин алдында бөжөңдөп, мамлекет үчүн тизелеп, чөгөлөгөнгө да даяр экенин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты