​Шаардык сот Салянованы камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

  • 5 лет мурун

Бүгун Бишкек шаардык сотто экс-баш прокурор, экс депутат Аида Салянованы камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими каралды. Шаардык сот Аида Салянованы 26-июнга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

Адвокат сотко Аида Салянова ооруп жаткандыктан катыша албаганын билдирди.

«Ал ооруп жатат Соттогу аппеляция ансыз эле каралды» деди адвокат.

Биринчи май райондук соту Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Аида Салянованы 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Салянова 6-июнда Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынган.

Батукаевдин бошотулушу боюнча дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ошондой эле экс вице-премьер Шамил Атаханов камалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган..

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты