Аида Салянова шахмат союзунун президенти болуп шайланды
- 2 недели мурун
Кыргызстандын экс-прокурору Аида Салянова бүгүн, 23-майда, өлкөнүн шахмат союзунун президенти болуп шайланды.
Аида Салянова ишкер Бабур Төлбаевдин ордуна шайланды. Салянова Фейсбук баракчасында бирикменин жыйынындагы сөзүн жарыялады.
“Бүгүн шахматты өнүктүрүүгө өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик деңгээлинде көңүл бурула баштаганы бизге өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт. Өлкө президентинин колдоосу алдыбызда уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз шахмат Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган интеллектуалдык бренддердин бирине, жаңы муундун ой жүгүртүүсү менен стратегиялык маданиятын калыптандыруучу күчкө айлана аларын далилдешибиз керек” деди.
Ошондой эле алдыда чоң эмгек турганын белгиледи:
-Алдыда чоң эмгек турат. Ал кесипкөйлүктү, ачыктыкты, биримдикти жана толук берилүүнү талап кылат. Биз биргеликте заманбап, күчтүү жана кадыр-барктуу шахмат системасын түзө алабыз деп терең ишенем. Мындай система менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат, -деди шахмат союзунун жаңы президенти.
Сүрөт: Социалдык тармактан




