Канат Исаев: «Ошондо Батукаевдин бошотулушунун артында Атамбаев турганын түшүндүм»

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн мурунку Президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнө, анын кыймыл-аракеттерине баа берүү маселеси каралып жатат.

Депутат Канат Исаев өз сөзүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылып кетишине байланыштуу иштин артында Алмазбек Атамбаев турарын айтты.

«Батукаев маселеси ЖКда талкууланып жаткан учурда мен бир топ курч суроолорду бергенден кийин Атамбаев мени чакырып, экөөбүз бир топ өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо мен мунун артында Атамбаев турганын билгенмин. Анан Батукаевди бошоткон сот кызматтан көтөрүлүүгө конкурска катышып жатканда, Текебаев айтып турганына карабай, Атамбаев аны кызматынан көтөрүп койду. Эгер бул ишке анын тиешеси жок болсо өткөрбөй коймок да» деди Канат Исаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты