Алтынбек Намазалиев Чүйгө губернатор болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Алтынбек Намазалиев мурдагы кызматынан бошотулуп, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-июнда, кол койду.
Намазалиев буга чейин Аламүдүн районунун акими, андан мурун Жайыл районунун акими болуп иштеген.
Буга чейинки губернатор Туйгуналы Абдраимов кечээ, 10-июнда, кызматтан бошотулган.
Муну бөлүшүү