ЕККУ Казакстанда жарандардын укуктары бузулганын билдирди
- 5 лет мурун
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары 10-июнда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында добуш берүүдө жарандардын “негизги укуктары” бузулганын билдиришти.
9-июнда көчөлөрдө демонстрациянын катышуучулары, анын ичинде журналисттер кармалды. Муну менен алар (бийлик) эркин чогулуу жана эркин оюн билдирүү боюнча жарандардын укуктарын бузду, — деди ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын жетекчиси Маргарета Кинер Неллен.
Аталган уюмдун байкоочуларынын кыска мөөнөттүү миссиясынын башчысы Георгий Церетели Казакстандагы шайлоо күнү кармоо өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн экенин эскертти:
— Чоң шаарларда өткөн тынч митингдери тартип коргоо органдары тарабынан таркатылып, жыйынтыгында көптөгөн адамдар кармалды. Мындай окуялар бийликтин аброюна шек келтирип, өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн, -деди ал.
Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалган. Полиция 500 киши кармалганын ырастап, алардын көбү тартип коргоочуларга баш ийбей, аларды көздөй таш ыргытышканын жүйө келтирди.
Экзит-поллдун сурамжылоолорунун жыйынтыгында 9-июнда өткөн шайлоодо бийликтин талапкери, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.
БШКнын болжолдуу маалыматтары боюнча Касым-Жомарт Токаев 70,65 пайыз добушка ээ болду. Бул 6 млн 504 мин 54 добуш болуп эсептелет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.