​Мирзиёевдин уулу, небереси, күйөө балдары Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышты

  • 5 лет мурун

Өзбекстан президентинин 10 жаштагы уулу Алишер Мирзиёев, күйөө балдары Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров жана небереси Миромон Бириккен Араб Эмиратынын вицепрезиденти жана премьерминистри, Дубайдын эмири Мухаммед бин Рашид альМактум шейхтин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышышты.

6-июнда өткөн тойдогу сүрөттү Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров үйлөнүү үлпөттөгү сүрөттөрүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган.

Өзбекстан лидеринин тун күйөө баласы Ойбек Турсунов президент администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Отабек Умаров – президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары.

Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө өзбек өкмөтүнүн атынан же жеке чакыруу менен барганы белгисиз.

Дубай эмири Орозо Айт майрамында дароо үч уулун үйлөнткөн.

Өзбекстандын башкаруучу элитасы мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунан бери эле Дубай эмири менен тыгыз байланышта болуп келген.

Дубайдын кыймылсыз мүлктөрдү каттоо тизмесиндеги маалыматтарга караганда, Өзбекстандын мурдагы жана азыркы жетекчилеринин ал жакта турак-жайлары, компаниялары жана банктарда эсептери бар.

Маркум Ислам Каримовдун бийлиги тушунда оор экономикалык кылмыштарга айыпталган ири ишкерлер дагы Дубайдан башпаанек алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты