Казакстан: Касым-Жомарт Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты
- 5 лет мурун
Казакстандагы “Коомдук пикир” институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым—Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды.
Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди.
«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.
Байкоочулар 30 жыл өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолголоп жатышкан.
Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.