​КР Тышкы иштер министрлиги элчинин Ороктогу аракети боюнча Түркия ТИМине нота тапшырды

  • 5 лет мурун

КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын ТИМине элчи Женгиз Камил Фыраттын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы КР жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалына кийлигишүүсү боюнча нота тапшырды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгун, 6-июнда, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Кечээ, 5-июнда, Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи, Женгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына Министрликтин нотасы тапшырылды.

Министрлик Түркия элчисин өз аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

5-июнда, Төмөнкү Орокто айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен. Ошол окуя учурунда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Орок айылына барып, эл менен сүйлөшүп жатканын ЖМК чакылдырган.

Төмөнкү Ороктогу факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») боюнча катталган.

Буга чейин Түркиянын элчиси КР Дин башкармалыгы 12-майда уюштурган ооз ачарда да чатак чыгарганы маалым. Ага себеп болуп “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы директору Орхан Инан менен элчи Женгиз Камил Фыратты ооз ачарга бирге чакырып койгондору себеп болгон

Анда Түркия элчи ооз ачарда мамилеге жараша туура жооп кылган деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты