Орокто чогулгандар тарап кетти
- 5 лет мурун
Кабарчыбыз бул убакта Чүй облусунун Төмөнкү Орок айылы тынч экенин, милиция кызматкерлери гана күзөттө турганын билдирди.
Ал эми буга чейин эл чогулуп, эми тарап кеткен.
Чогулган э алдында сүйлөгөндөрдүн арасында Чүй облусунун губернаторунун орун басары Эркинбек Ашырбаев болду.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да чогулгандар арасында чыгып сүйлөдү:
—Бүгүн камактагылардын баары чыгарылды. Жабыркагандар ооруканада, бирок алардын абалы жакшы. Бул маалыматты акыйкат жазгыла. Анткени Кыргызстанга тынч жашоо керек» ,- деди Эркебаев.
Бүгүн үй камагына чыгарылган жергиликтүү депутат Кылычбек Бокоев эл жарашып аларын айтты.
Ал эми жабыркагандар милицияга арыз жазары тууралуу да сөз болду.
Кечээ, 5-июнда, Төмөнкү Орокто айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат.
Төмөнкү Ороктогу факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») боюнча катталган.
.