​Жасалма паспорт даярдап саткандар кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук комитети 2-июнда “Манас-аэропорт” көзөмөл пунктунан Кыргызстандын паспортун жасаган каналды аныктап, аны алып жүргөндөрдү кармады.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Ислам Кодировдун наамына Кыргызстандын жасалма паспорту менен Стамбул шаарына учууга аракет кылган коңшу мамлекеттин жараны,1990-жылы туулган Ю.М. кармалды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттогу серия КР жараны, Ош облусунун жашоочусу, 2002-жылы туулган А.у.Б. таандык экени аныкталды.

Муну менен бирге «Манас» аэропортунун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу,КР жараны,1967-жылы туулган А.С. кармалды.

Анын жанында 1987-жылы туулган Пайзулло Насыровдун наамына даярдалган дагы бир КР жасалма паспорту табылды.

А.С. чет элдик жарандарга КР жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталды.

А.С.нын жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-жылы туулган Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган КР жасалма паспорту табылды.

Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террордук уюмдун рекурттарды согуштук зонага катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты