Түптө бир тууган эки бала муздаткычта калып, жан берген
- 4 years мурун
Ысык-Көл облусунун Туп районунун Михайловка айылында алты жана үч жаштагы бир тууган эки бала муздаткычтын ичинде калып, жан берди.
Бул тууралуу ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
3-июнда болжолдуу саат 11:55 те 2013-жылы жана 2016-жылы туулган бир тууган эки бала үйдүн тегерегинде ойноп жатып эле табылбай калган.
Кечки саат 17:00 ге чейин издешип, аларды акыры муздаткычтын ичинен табышкан. Муздаткычта калган балдар жан берген. .
«Мир» аттуу алар кирген эски үлгүдөгү муздаткыч ичинен ачылбайт экен.
Бул окуя кокустук катары катталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернеттен.
Муну бөлүшүү